Орусиянын Москвадагы Улуттук-боштондук кыймылында кыргыз бөлүмү түзүлгөнүнө жарым жылдан ашты. Кремлдин маанайына карата коомдук-саясий үгүт иштерин жүргүзчү бул кыймыл Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп келет. Аталган кыймылдын айрым мүчөлөрү былтыр Улуттук-боштондук кыймылынын кыргыз бөлүмү деп Москвадагы салттуу биримдик жүрүшүнө да чыгышкан.
Кыргыз бөлүмдүн координатору Урмат Илиязбек уулу Союз маалында Москвадагы Краснознаменный аскер окуу жайында билим алып, кийин Кыргызстанда саясий-диний маселелер боюнча көз карандысыз адис катары иштеген. Аны бул кызматка кыймылдын борбордук штабы чакырган.
- Бул жерде “биз көп кыргыздарды иликтедик, акыры Урматка токтолдук” деп ачык эле айтылып жүрөт. Мага келип сунушташты, мен макул дедим. Менин бир орунду алайын, кызмат ээлейин деген оюм жок, мен бул ишке пайдамды тийгизейин дедим. Мен ушуга көнүп калгам. Алдыма тапшырма коюлса, мен аны аткарышым керек. Азыркы тапшырма – кыргыздар менен Орусиянын ортосундагы достукту чыңдоо. Андан сырткары, биз федералдык улуттук маданий автономиябызды түзүүбүз керек.
Орусияда кыргыздардын федералдык улуттук маданий автономиясын түзүүнү эңсеген Урмат мырза Союз тараган маалда Орусиянын тышкы чалгындоо кызматы менен байланышта болгону айтылып келет.
Ал эми федералдык улуттук маданий автономиялар адатта Орусияда эне тилин жана улуттук каада-салттарын сактап калууга аракет кылган улуттук азчылыктар тарабынан түзүлөт. Мындай коомдук уюмдар жергиликтүү бийликтен административдик колдоо алганы менен, диаспоранын өз күчү жана ички каржылоосу менен иштейт.
Бир топ жылдан бери Москвада илимий чөйрөдө эмгектенип келе жаткан диаспора аксакалдары Дамир Асанов менен Маматжан Акжолов Улуттук- боштондук кыймылы сыяктуу уюмдар орус жарандыгына өткөн кыргыздарга саясий чөйрөдө өздөрүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берет деген ойдо.
Маматжан Акжолов саясатчылар орус жарандыгын алган кыргыздардын активдүүлүгүнө кызыгып жатканын белгилейт.
- Биздин кызыкчылыгыбыз - Улуттук-боштондук кыймылын колдоштон мурун ошол жакта болуп жаткан мүмкүнчүлүктү колдонуп калуу. Эң негизгиси, эмгек мигранттарын качан эстейбиз?! Акча береби деп сурап жатасыңар, акча жок, бизге эч ким акча бербейт. Жанагындай армян, азербайжан, корей калкынын федералдык маданий автономиясы эчак эле түзүлгөн. Алардын бюджетине акча бөлүнөт. Алардын Москвада дем алыш күндөрү иштеген мектептери бар. Биз дагы ошондой маселени коёбуз. Муну мурунтан көтөрүп келе жатканбыз, бирок жогорку деңгээлге көтөрө алган эмеспиз. Анан жер-жерлерде жашаган кыргыз мигранттардын балдарын бала бакчага өткөрүүгө уруксат алып бергиле деп жатабыз. Аны берерден мурун биз өзүбүздү көрсөтөлү деп жатабыз.
Улуттук-боштондук кыймылдын негиздөөчүсү Евгений Федоров – 2003-жылдан бери Орусиянын Мамлекеттик Думасында “Единая Россия” партиясынан депутат. Ал ички саясатта “Орусия - 1991-жылдан бери АКШнын колониясы”, “Конституциябызды америкалыктар жазган”, “Борбордук банк – Американын конторасы” деген билдирүүлөрү менен белгилүү.
Дамир Асановдун ырасташынча, мындай саясатчылар менен байланыш Орусияда отурукташууну чечкен жарандарга саясий активдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.
- Орусия – империя! Ал империя бойдон кала берет! Орусиянын байлыгын, дараметин колдонушубуз керек. Биз акылдуу саясат жүргүзүшүбүз зарыл. Биздин Кыргызстандын укугу Орусиянын мыйзамы менен корголгон болушу керек. Мен ошол үчүн иштеп атам. Былтыйып отура бербей, ары-бери иштейли деп балдарга да айтып жатам. Бир жерден болбосо, бир жерден натыйжа чыгат. Орусияда келечегибиз бир күндүк эмес.
Үгүт иштеринде орус президентинин беделине жамынган Улуттук- боштондук кыймылына Орусияда коомчулуктун мамилеси бир тараптуу эмес. Мындай саясий агымдарга кыргыз мигранттардын тартылышы кооптондуруу жаратат деген ойлор да бар.