Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

Оң рулдуу унаа менен жүргүнчү ташуу боюнча мыйзам долбоору талкууланды


Рулу оң жактагы унаа менен жүргүнчүлөрдү жана коммерциялык жүктү ташууга байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин Унаа, байланыш, архитектура жана курулуш комитетинин кезектеги жыйынында талкууланды. Белгилүү болгондой, быйылкы жылдын 1-январынан тарта мындай ишмердүүлүккө тыю салынмак. Бирок жаңы иштелип чыккан мыйзам долбооруна ылайык, мындай эрежени киргизүү мөөнөтүн 2020-жылга чейин токтото туруу каралган.

Мындай демилгени депутаттар Иса Өмүркулов жана Алтынбек Жунус улуу көтөрүп чыккан.

Бүгүн бул мыйзам долбоорун талкуусуз эле экинчи окууда парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG