Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан быйыл дыйкандарга үч млрд сом бөлүнөт


Быйыл айыл чарбасын өнүктүрүүгө "Кыргызстан-Орусия" фондунан үч миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде айтылды.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, былтыр аталган фонд «Айыл Банк» жана «РСК-Банк» аркылуу Кыргызстандын фермерлерине колдоо көрсөтүү багытында 9 миӊден ашуун жеӊилдетилген насыя берди. Анын ичинде талаа жумуштарына 1064, мал чарбасына 8604 насыя, калганы кайра иштетүү тармагына жумшалды. (RK)

XS
SM
MD
LG