Анда каттоосу тууралуу күбөлүгү жок түгөйлөрдүн никесин кыйган молдолорду беш жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жоболор каралган.
Статистика боюнча, өлкөдө баш кошкондордун теңинен көбү мамлекеттик каттоого убагында турбайт жана мындан улам жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү, ажырашуу, ажырашкандан кийинки көйгөйлөр арбын.
Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Адалат үч ирет турмушка чыгып, үч жолу ажырашкан экен. Үчөөндө тең молдого нике кыйдырганы менен аны расмий каттаткан эмес:
- Биринчисине 14 жашымда эне-атам сүйлөшүп эле берип койду. Атама "ал менин теңим эмес" десем уккан жок. Аны менен эки ай жашагандан кийин эле ажырашып кеттим. Ажырашып үйгө келгенден кийин эле атам каза болуп калды. Экинчисине, үч баласы бар адамга, өзүм каалап турмушка чыккам. Аны менен деле расмий каттоосу жок жашадым. Катталалы деп мен деле, ал деле айткан жок. Жакшы жашап жатканыбызга эле сүйүнүп жүрө бердик. Бир кыздуу болгондон кийин ал биринчи аялына кетип калды. Үчүнчү жолу турмушка чыгып, эки уулдуу болгондон кийин "сен куник экенсиң, сени менен жашабайм" деди. Мен "жашайлы, атам жок болсо, пенсионер энем эле бар, балдарды кантип багам" деп жалдырасам болбой чанып кетип калды.
Ноокат шаардык мэриянын юристи Чынара Ырысбаева аймакта Адалаттыкындай окуялар көп катталарын кеп салды:
- Эрте турушка чыгуу көрүнүшү жайылып баратат. Бизге ушундай көп жарандардан арыз-даттануулар түшөт. Мүлк бөлүшүү боюнча маселе чыгат. Мисалы, алар турмушка чыгып жатканда никесин каттатпайт. Бизге да турмуш куруп алышканын айтпайт. Качан гана ажырашып, көйгөйлүү маселе чыкканда гана бизге кайрылышат.
Ушундай көрүнүштөрдөн улам жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоор даярдалды. Анда эң ириде нике кыйган молдолордун жоопкерчилигин күчөтүү каралган.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынан депутаты Элмира Жумалиева долбоор эң ириде эртелеп турмушка чыккан көрүнүштөрдү азайтууга, келиндердин укугун коргоого багытталганын айтып берди:
- Биз ушундай фактыларды көрүп жатабыз. 15-16 жаштагы кыздарды эле никесин кыйып, күйөөгө берип койгон көрүнүштөр бар. Бул туура эмес, ата-энеси макул деп коёт, бала болсо жетиле да элек. Административдик, кылмыш жоопкерчилигин күчөтүшүбүз керек. Никеден мурун расмий каттоодон өткүдөй кылышыбыз керек. Каттоосун көрбөй туруп нике кыйган молдолорду кылмыш жоопко тартышыбыз керек. Каттоосу жок жашап жүрүп ажырашып кетет, анысын күйөөсү деп эч ким далилдеп да бере албай калат. Анысы үйүнөн кууп чыгат, мындай келиндер болсо баласын кучактап ара жолдо калат.
Мыйзам долбоордогу расмий каттоосу жок нике кыйган молдолорду беш жылга чейин эркинен ажыратуу тууралуу жобо талкуу жаратты. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы азырынча позициясын расмий билдире элек.
Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн өкүлү Бактияр Токтагазиевдин пикиринде, молдонун жоопкерчилиги тууралуу жобо жакшылап талкууланып, талданышы керек:
- Бул жерде молдонун кандай жоопкерчилиги бар? Мисалы, ал өкмөттүн кызматкери болсо бир жөн. Жарандар никесин кыйып бер деп кайрылса, ал никесин кыйса канчалык деңгээлде жооптуу болушу керек деген суроо бар. Жарандар мусулман болгондон кийин нике кыйдырып жашайын деп келет да. Ал кыйып берет, ошону менен анын кызматы бүтөт. Ал диний милдетин гана аткарып жатат. Эми биз мыйзамга деле каршы чыккан жокпуз да. Никесин кыйып жатканда жашы канчада, ошол никеге макулбу же жокпу деп суралат. Эгер молдокелер жоопкерчилиги күчөйт десе анда аларга да мүмкүнчүлүк бериши керек. Алардын макамын жогорулатып, күбөлүк же дагы бир документ бергидей болушу керек.
Азыр бул мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Андан кийин парламентте каралмакчы. Кыргызстанда буга чейин да ушуга окшош мазмундагы мыйзам долбоор даярдалган эле. Анда расмий каттоого турбай нике кыйдыргандарга административдик жаза колдонуу каралган болчу. Бирок долбоорду өткөн чакырылыштагы депутаттар колдобой коюшкан.