Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Ооганстандагы жер силкинүү Кыргызстанда да сезилди


26-декабрга караган түнү саат 1:14тө Ооганстанда катталган жер силкинүүнүн күчү 7 баллдан ашты. Силкинүүнүн очогу жана зыяндары тууралуу азырынча так маалыматтар жок.

Жер титирөө Кыргызстандын түштүк аймагында да сезилип, күчү 2-3 баллды түзгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жок.

Соңку кездери Түштүк Азия чөлкөмүндө жер силкинүү тез-тез катталууда.

17-ноябрдагы 7 баллдык жер титирөөдөн улам Ош облусунда турак жайлар, имараттар зыянга учурап, чыгымдын көлөмү 390 миллион сомдон ашкан. Андан бери ондогон адамдар өкмөт берген контейнер үйлөрдө жана чатырларда баш калкалап келатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG