Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Ооганстанда ооруканага чабуул “трагедиялык кокустук” деп жарыяланды


Америка Ооганстандын Кундуз шаарындагы ооруканага абадан чабуулду иликтеп чыгып, аны “кайгылуу кокустук” катары баалады. Оорукана Франциянын Чек арасыз дарыгерлер уюмунун кароосунда болгон. Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн башчысы, АКШ генералы Жон Кэмпбелл 25-ноябрда маалымат жыйынында кеминде 30 адамдын өлүмүнө алып келген 3-октябрдагы ооруканага абадан чабуул атайын жасалган эмес деди. Бул “трагедиялык катачылык” болгон. Бул окуяга тиешеси бар адамдар кызматынан четтетилип, алардын аракети иликтенип жатканын Кэмпбелл белгиледи. Ооган президенти Ашраф Гани америкалык иликтөөнүн жыйынтыгын кубаттоого алды. (AiT)

XS
SM
MD
LG