Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:24

Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн кыйроолор болгон жок


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөнүн күчү 5-6 баллга жеткен жана силкинүүдөн кыйроолор болгону же адам өмүрүнө зыян келгени катталган жок.

Бекилов билдиргендей, Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту силкинүү очогунда 5-6 баллга жеткен деген маалымат берүүдө.

Зилзала Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ийрек айылынан 10 чакырым батыш тарапта, Ош шаарынан 30 чакырым түштүк-чыгыш тарапта болгон. Жер титирөө Каратай жана Ийрек айылдарында 5-6 балл, Ош шаарында 4,5 балл сезилген (маалымат дагы такталып жатат).

Бекилов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн адистери жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүп жатышканын кошумчалады. Тактоо иштери Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жүрүүдө.

17-ноябрда кечки саат он бир жарымдар чамасында жер титиреп, ал Кыргызстандын бир катар аймактарында сезилди.

Бельгиянын дүйнөдөгү зилзалаларды каттоочу earthquakereport.com вебсайты да 17-ноябрда Кыргызстанда түнкү саат 11:29да Рихтер таякчасы боюнча 5,8 баллдык жер титирөө болгонун каттаган.

Ал эми АКШнын Улуттук сейсмология институту кабарлашынча, зилзаланын эпицентри Ош облусунун Алай районунун борбору Гүлчөдөн 27 чакырым түндүк-батыштагы Кең-Жылга жана Ийри-Суу деген жерлердин ортосунда болгон.

XS
SM
MD
LG