Санкт-Петербург шаарынын соту Тажикстандын жараны, чарчап калган ымыркай Умарали Назаровдун энеси Зарина Юнусованы миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн Орусиядан чыгаруу чечимин кабыл алды. Сот Юнусова баласынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинде жабыркаган тарап деген жүйөнү четке какты. Келин Орусиядан 15 күндүн ичинде чыгып кетүүгө тийиш.
13-октябрда Юнусова миграция жөнүндөгү мыйзамды бузган деген кине боюнча кармалып, укук коргоо кызматкерлери анын эмчектеги баласын тартып алышкан. Эртеси ооруканага баласына барганда анын чарчап калганын айтышкан. Соттук-медициналык экспертиза 5 айлык наристенин өлүмүнө вирустук инфекциянын өтүшүп кеткени алып келгенин көргөзгөн. Бирок ата-энеси бала оорубаганын айтып, бул версияга ишенбей турушат. Шейшембиде полиция Юнусованы күйөөсү менен ооруканага күчтөп алып келип, кылмыш иши козголот деп коркутуп, кан тапшыртууга аракеттенишкен. Адвокаттардын ырастоосунда, тартип коргоочулардын мындай аракеттерине негиз жок болчу жана Назаровдорго эч кандай эскертүү жөнөтүлгөн эмес. Натыйжада Рустам Назаров жана Зарина Юнусова анализ тапшыруудан баш тартышкан.
Кичинекей Умаралинин өлүмү катуу коомдук резонанс жаратты. Петербургда бир катар укук коргоочу активисттер ал кайгылуу окуяны ар тараптуу иликтөөгө үндөштү. Кесиптик милдетин жетиштүү аткарбагандан улам адам өлүмүнө алып келген факт боюнча кылмыш иши козголоду.