Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Орусияда Алыкулдун 100 жылдыгын белгилөөгө салым кошкондор сыйланды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата эстелик медалдар тапшырылды.

Сыйлыкка элчи Болот Жунусов, экинчи катчы Айымкан Кулукеева, Москва мамлекеттик лингвистика университетинин ректору Ирина Халеева, аталган окуу жайдын Кыргыз тили жана маданият борборунун жетекчиси Жеңишгүл Байтерекова жана орусиялык акын, котормочу Михаил Синелников татыды. Медалдарды Москвага Бишкектен мааракени өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин теңтөрагасы Аскарбек Эрматов алып барган.

2013-жылы Орусиядагы кыргыз элчилиги Алыкулдун тандалма чыгармаларынын жыйнагын чыгарган. Быйыл сентябрь айында Москвада Кыргызстан менен Орусиянын илим, маданият коомчулугунун өкүлдөрү катышкан бир нече иш-чара өткөн болчу.

Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. Ал 1950-жылы 35 жашында оорунун айынан дүйнөдөн кайткан. Алыкулдун ырлары кыргыз адабиятында классикага айланып, окурман, адабиятчылар арасында жогору бааланат.(RK)

XS
SM
MD
LG