Кармалгандардын бешөө Кыргызстандын жараны экенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы ырастады. Бирок алардын кайсы аймактан барганы, кимдер экени тергөө кызыкчылыгынан улам айтылган жок. Болгону алардын бир үй-бүлө мүчөлөр болушу ыктымалдыгы белгиленди.
Кармалгандардын арасында Азербайжандын 14, Индонезиянын 7, Ирактын 5, Кыргызстандын 5, Ирандын 3, Тажикстан менен Ооганстандын 2ден жарандары бар. Алардын 10у аялдар, 15и балдар.
Сириянын террорчулар көзөмөлдөгөн аймагына чет элдиктерди жөнөтүү аракетин жасаган деген шек менен эки киши кармалды.
Колго түшкөндөрдүн баары тиешелүү документтер толтурулгандан кийин андан ары депортация кылуу үчүн Миграция кызматына өткөрүлүп берилди.
Буга чейин да Тажикстанда жарандарды Сирияга чакырган, согуштук аракеттерге катышууга үндөгөн деген шек менен Кыргызстандын 36 жана 28 жаштагы эки жараны кармалганын УКМКдан кабарлашкан.
Дин ишмерлери өлкөдөгү ар кандай экономикалык, диний, саясий жана социалдык теңсиздик жаштардын радикализмге барышына шарт түзүүдө дешет. “Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун башчысы Кадыр Маликов намазды кантип окуу керек же орозону кантип тутуу керек дегенден башка да ислам негиздерин окутуп, диндин саясий, экономикалык жагдайларын үйрөткөндө гана жаштар адашууну токтотот деген ойдо.
- Мунун себептери жалпы коомдогу акыйкатсыздык, теңсиздик болушу мүмкүн. Адамдын мамлекетке ишенбей калышы, жумушсуздук, жакырчылык да таасирин тийгизет. Жаштарга өзүнчө программа болушу керек жана аларга исламды туура түшүндүрүү радикалдашууну басаңдатат. Бирок азыркы учурда жаштар болбой эле тыюу салынган, туура эмес агымдарга кошулууда. Анткени бизде радикалдашууга түрткөн шарттар бар. Ошондуктан биз аларга альтернатива түзүп, жаштар менен иштөөнү баштамайын жыйынтык чыкпайт. Муну идеологиясы жок күч менен токтотуу кыйын. Азыр Сирияга кетип жаткандар дагы биздин жарандар, алар адашып кетишкен. Туура түшүндүрүү менен аларды кайтаруу керек. Азыр молдолор намазды кантип окуу керек, орозону кантип тутуу керек дегенди гана үйрөтүшөт. Ислам муну менен чектелбейт. Исламдын саясий бөлүгүн, идеологиясын түшүндүрүү керек.
Диний эксперт Жолборс Жоробеков диний багытта иштеген мамлекеттик органдардын жана муфтияттын чабалдыгы ушундай көрүнүштөргө жол берип жатат деген ойдо:
- Муфтият, жер-жерлердеги анын өкүлчүлүктөрү, молдокелер бүгүнкү күндүн шартына ылайык иштерди жакшы жүргүзө албай жатат. Экинчиден, мамлекеттик керектүү органдар элдин арасында жакшы иш алып барбай, натыйжада ушундай көрүнүштөр болууда.
Буга чейин Кыргызстанда имамдардын билим деңгээлин текшерүү боюнча аттестация жүргүзүү учурунда алардын 60% жакыны Куранды так жана кырааты менен окуй албасы аныкталган.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев азыр айрым молдолордун, имамдардын диний сабаты начар дегенди моюнга алат. Мындан сырткары радикалдык идеологияны жайылтып, ушул багытта билим берген медреселер тууралуу маалыматтар бар экенин кошумчалады.
- Биз быйыл окуу жай, медреселерди тандап-тандап текшергенбиз. Ал жакта абдан капа кылчу көрүнүштөргө туш болдук. Билими жок, чаласабат адамдар да сабак берет экен. Бул маселе өкмөттө да каралды. Азыр имамдардын аттестациясы бүттү, эми ушул айдын ортосунда окуу жайлардын мугалимдеринин аттестациясы башталат. Эмне билим берип жатат, кандай окутуп жатат? Бул жерде күмөн саната турган фактылар көп. Бизде радикалдык идеологиялар боюнча сабак берип жаткан медреселер бар деген маалымат бар. Бирок аны далилдеш кыйын.
Айрым маалыматтарга караганда, ушу тапта Сирияда экстремисттер тарабында 400гө жакын кыргызстандык согушуп жүрөт.
Сентябрда Сирияда чопкутталган аскерий унаанын ичинде өзүн-өзү жардырар алдында шолоктоп ыйлаган жаш жигиттин видеосу жарыяланган болчу. Кийинчерээк ал Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун 21 жаштагы тургуну Бабур Исраилов экени аныкталган.
Кыргыз жихадчылары түшүрүлгөн тасма өткөн айда да интернетке жарыяланды.
Алты мүнөттөн ашыгыраак видеодо колуна автомат кармаган, каз-катар тизилген түрдүү улуттагы ондон ашык адам Орусиянын Сириядагы аракетин кескин айыптап, коркутуп-сестентип кайрылуу жасаган. Алгач арабча айтылган кайрылууга ошол жерде тургандар өз тилинде үн кошкон. Арасында 20 жаштагы жигит кыргызча сүйлөгөн.
Бул видеону интернеттен көргөн айрым адамдар кыргызча сүйлөгөн жигитти Аскарбек Андабаевге окшоштурушкан. Маалыматка караганда, Андабаев 23 жашта, Баткендин Лейлек районунан болот деген кабарлар бар.
Ал ортодо расмий маалыматтар боюнча Сирияда каза тапкан кыргызстандыктардын саны 70ке чукулдады. Ошол эле кезде ар кандай шартта кайтып келгендер да жок эмес. Маселен, Жалал-Абад шаарынын 20 жаштагы тургуну Сирияда жаңжалда ок тийип, жарым өпкөсүнөн айрылган.