Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитине Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев да катышты. Саммитте "Ислам мамлекети" террордук тобунун коркунучу өзгөчө көтөрүлдү. Бул Орусиянын Сирия боюнча азыркы кезде жүргүзүп жаткан саясаты жана ал жерде даярдалып жаткан аскердик-техникалык операцияларына да байланыштуу экени түшүнүктүү.
Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов "Ислам мамлекети" келтирип жаткан коркунучтарды четке кагууга болбойт деген пикирде:
- "Ислам мамлекети" деген көйгөйлүү маселени четке какпашыбыз керек. Андан Кыргызстанга да, Тажикстанга да, жалпы Борбор Азияга да коркунуч келип турат. Бул маселеге кайдыгер карабашыбыз керек. Бизден ал кыйгап өтүп кетет деген ой болбош керек. Анын дүйнө жүзүнө коркунучу бар. Ошондуктан бул маселе саммитте абдан катуу талкууланды. Ал боюнча ойлор айтылып, жыйынтыктар чыгарылды.
Душанбе шаарында саммит жүрүп жаткан мезгилде ага жакын жайгашкан Рамит капчыгайында тажик күч структуралары генерал Абдухалим Назарзода жана анын тарапкерлерине каршы операция жүргүзүп жатты. Мирослав Ниязов анын Душанбе шаарындагы абалга эч кандай таасири тийбегенин айтып, Рамиттеги операция аяктоо алдында турганын кошумчалады:
- Рамит капчыгайында Назарзоданын адамдары табылып, учурда кагылышуу болуп атат. Эки тараптан тең жоготуулар бар. Адистердин айтымында, бүгүн-эртең операция аягына чыгат.
Мирослав Ниязов Жамааттык коопсуздук келишими уюму тарабынан Тажикстандын чек арасын жана Куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча убада кылынган жардамдар толук берилбесе да, тийиштүү өлчөмдө жардам берилип жатканын белгиледи.
“Дин, укук жана саясат” борборунун жетекчиси Кадыр Маликов "Ислам мамлекетинин" коркунучу реалдуу, бирок ЖККУга кирген мамлекеттер ага каршы идеологиялык күрөштү жолго коё албай жатат дейт. Анын пикиринде, региондогу мамлекеттерде көпчүлүк мусулмандардын көңүлүн алуу багытында иштер жүргүзүлбөйт. Тескерисинче хижаб сыяктуу маселелерде мамлекеттин бир жактуу саясаты мусулмандарды тескери түртүүдө.
Мамлекет "Ислам мамлекетине" каршы турган диний аалымдарды, имамдарды коргоого алып, диний экстремисттерге күрөштө чектерди так аныктап коюш керектигин айтат Кадыр Маликов:
- Мисалы, бир адам идеологияны карманып жүргөн болсо, аны менен алдын алуу иштери жүргүзүлүш керек. Колуна курал алар замат жок кылганга чейин катуу чара көрүлүш керек. Кээ бир мамлекеттер Сирияда согушка катышкандардын жарандыгын жок кылууда. Бул дагы туура. Бирок аны дагы тастыкташ керек. Мүмкүн ал кайсы бир сектанын курмандыгыдыр. Андайлар коргоого жана жардамга муктаж. Кыргызстанда ошол секталардын торуна түшүп калгандар, алардын жакындары кайрыла турган ишеним телефону да жок.
Кадыр Маликов "Ислам мамлекетинин" идеологдору жергиликтүү калктын Борбор Азиядагы авторитардык режимдерге, коррупция, социалдык-экономикалык кризиске каршы нааразылыгын пайдаланып кетүү мүмкүнчүлүгү менен опурталдуу деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай кырдаалды "Ислам мамлекетинин" идеологдору пайдаланып кетчү болсо, ЖККУнун куралдуу күчтөрү натыйжалуу болбой калат. Ошондуктан диний экстремисттерге каршы идеологиялык багытта күрөштү колго алыш керек.
Душанбедеги саммитте президенттер Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин өзүнчө жолугушуп, Кыргызстан менен Орусиянын кызматташуусун талкуулады.
Кыргыз-орус мамилесинде финансы-экономикалык, өзгөчө энергетикалык долбоорлор күн тартибинде турганы маалым. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү ал долбоордун активдешүүсүнө канчалык таасир этерин азыр айтуу кыйын.
Жалпыга маалым болгондой, энергетикалык долбоорлор азыркы кезде аксап турат. Маселен, энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевдин жакынкы мезгилде эле билдирүүсүнө караганда, орус тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун финансылык булагын ушул кезге чейин тактай элек. Жогорку Нарын каскадында курула турган орто ГЭСтердин тагдыры да бүдөмүк. Бул долбоорду жүргүзүп жаткан “Русгидронун” жетекчиси Евгений Дод жакында эле кызматынан кетти. Жаңы жетекчиси Кыргызстандагы долбоорлор боюнча оюн билдире элек.