Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылындагы Теодор Герцен атындагы көркөм сүрөт музейинде "Немистер Кыргызстан тарыхында” аттуу көргөзмө ачылды.
Анда 19-20-кылымдарда Кыргызстан жергесине жер которуп келишкен немистердин өмүр-таржымалдары жана алардын өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы конкреттүү далилдер менен көрсөтүлгөн. Анын ичинде белгилүү сүрөтчү Теодор Герцендин чыгармачылыгы да бар. Таласта жашап калган немистер облустагы коомдук иштерге активдүү катышат. (SS)