Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Орусия учак кыйроосунда каза болгондорго аза күттү


1-ноябрь Орусияда Египеттин Шарма-эш-Шейх шаарынан Санкт-Петербургду көздөй учуп чыккан учактын кыйроосуна байланыштуу аза күнү жарыяланган. “Когалымавиа” компаниясынын Аэробус-321 учагы 31-октябрда учуп чыккандан көп узабай Синай жарым аралына кулап түшкөн. Учактын ичинде 224 киши, анын 217си жүргүнчү болгон. Алардын баары каза болгон.

Трагедия болгон жерде жекшемби күнү орус жана египет куткаруучулары иштеп, 175 кишинин сөөгү табылды. Адистер учактын үн жазгычтарын изилдөөгө киришти. 162 адамдын сөөгү Санкт-Петербурга жөнөтүлдү.

Мамлекеттер аралык авиация комитетинин Орусия бөлүмүнүн жетекчиси Виктор Сороченконун айтуусунда, фрагменттердин алыс жайларга чачылып жатышы учактын асманда эле бөлүнүп калышын далилдейт, бирок анын себеби эмне экенин айтуу эрте. Египет бийликтери учактын атылганы же жардырылганы тууралуу эч кандай белги жок экенин билдирди. Ислам мамлекетинин жоочулары учактын кыйроосу алардын иши экенин жарыялаган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG