Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:22

Экзит-полл: Беларустагы шайлоодо Лукашенко жеңди


Беларуста президенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 86,7% катышты. Шайлоо бекеттериндеги сурамжылоолордун же экзит-поллдун алдын ала жыйынтыгына караганда, учурдагы президент Александр Лукашенкого шайлоочулардын 83 пайыздан ашууну добуш берген. Экинчи орунда “Чындыкты сүйлө” деп аталган жарандык кыймылдын башчысы Татьяна Короткевич турат. Ал шайлоочулардын 5 пайызга жакын добушуна ээ болду.

Лукашенко добуш берген соң журналисттердин суроосуна жооп берип, өзүнүн атаандаштары тууралуу да оюн билдирди. “Бизди өлкөдө президент коопсуздуктан тартып экономикалык маселелерге чейин чечиши керек. Менимче, муну азырынча аял киши аткара албайт. Биздин коом буга даяр дагы эмес”, - деп белгиледи.

Ошондой эле тышкы саясат боюнча оюн айтып: "Эгер Батыш биз менен мамилени жакшыртабыз десе, эч нерсе жана эч ким жолтоо болбойт". - деди.

Жекшембиде кечинде, добуш берүү жыйынтыкталган соң оппозициялык маанайдагы ондогон адамдар Өкмөт үйүнүн алдына акция чыгышканын “Интерфакс” агенттиги жазды. Алар добуш берүүнүн жыйынтыгы алдын- ала аныкталганын белгилешип, президенттик шайлоого тааныбашка чакырышты.

Мамлекет башчы болуу үчүн төрт киши ат салышты. Алар - Либерал-демократтар партиясынын башчысы Сергей Гайдукевич, “Чындыкты сүйлө” деп аталган жарандык кыймылдын башчысы Татьяна Короткевич, Патриоттор партиясынын лидери Николай Улахович жана азыркы президент Александр Лукашенко.

Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарат. 2010-жылдагы шайлоодо Лукашенко 79% ашуун добуш алган.(КE)

XS
SM
MD
LG