Украина президенти Петр Порошенко өлкө чыгышындагы жикчилдер менен болгон согуштун бир күндүк чыгымы 5 миллион долларга жетерин айтып чыкты.
Порошенко 27-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп, 2014-жылдан бери Украина күтүүсүз жакырчылыктын торуна түшкөнүн билдирди. Ал Орусиянын президенти Владимир Путинден бир күн мурда жыйында сөз сүйлөдү. (BCh)