25-сентябрь күнү Кара-Көл шаарынын “Энергетик” паркынан №2 Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектебинде окуган 11 жаштагы окуучу кыздын жансыз денеси табылган.
Шаардык милициянын басма сөз кызматы кылмышка шектүү катары Токтогул районунун Торкент айылынын 35 жаштагы жараны кармалганын билдирди.
Алдын ала иликтөө иштеринин маалыматында шектүү адам шаардагы күрөөканалардын бирине каза тапкан кыздын алтын сөйкөсүн 600 сомго күрөөгө коюп, жоголгон уюлдук кол телефонун Токтогул районуна караштуу Ала-Бел аянтчасында жайгашкан ашканалардын бирине 400 сомго сатканы аныкталган.
Шектүү буга чейин алты жолу соттолгонун, ушул жылдын 18-сентябрь күнү абактан бошотулгандыгын милицияга өзү айтып берген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. (RsK)