Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Аксыда КСДП жыйынынан улам коомдук тартип күчөтүлдү


Аксы районунун борбору Кербен шаарында Кыргызстан социал-демократтар партиясынын жыйынынан улам мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери чогулушка айдалганын “Азаттыкка” жергиликтүү тургундар кабарлады. Жолдогу тыгындан улам айрымдар өздөрү иштеген кеңселерге бара албай калганын, милиция кызматкерлери айрым көчөлөргө адамдарды жүргүзбөй жатканын билдиришти.

Бул маалыматты район акими Медетбек Айдаралиев четке кагып, бирок үгүт жыйынына байланыштуу унаалар көбөйгөнүн белгиледи:

-Абалды райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси өзү баш болуп, коомдук тартипти карап жатат. Азырынча, адамдар арыздангыдай абал жок,- дейт Айдаралиев.

Парламенттик шайлоого аттанган КСДП талапкерлери бүгүн Кербен шаарындагы борбордук стадиондо эл менен жолугушуп жатат. (SE\RsK)

XS
SM
MD
LG