Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Өкмөт башчысы Жумгалдагы окуучунун өлүмүн кылдат иликтөөнү тапшырды


Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев Жумгал районундагы мектеп окуучусунун өлүмүнүн кылдат иликтөө тапшырмасын вице-премьер министр Дамира Ниязалиевага тапшырды. Премьер-министр окуучунун өлүмү боюнча Билим берүү министрлиги жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлүп, жооптуу адамдар аныкталышы керектигин, мындан ары мындай окуялардын орун алышына жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

19-сентябрда Жумгалдын Көк-Ой айылында 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбек мерт болгон. Милициянын версиясы боюнча, аны 11-класстын окуучусу Таалайбек уулу Жайылбек мектепке ак көйнөк кийип келбегени үчүн төшкө чаап жибергенде ошол жерден мерт кеткен.

Бирок айрым маалымат каражаттары 11-класстын окуучулары тыныгуу учурунда кенже класстардын балдарын мектептин жертөлөсүнө алып кирип салык салганын, Жекшенбек уулу Эркинбек Таалайбек уулу Жайылбектин жүрөк тушуна катуу урган соккусунан үзүлгөнүн жазып жатышат.

Өткөн аптада Бишкекте да окуучулар арасында мушташ чыгып, анын кесепетинен 4 бала бычак жеп, ооруканага түшкөн.(AzK)

XS
SM
MD
LG