Сузак районунун Кара-Чолок айылындагы бейитте эки жыл мурун өгөй атасынын мыкаачылык мамилесинен көз жумган наристе көмүлгөн. Зөөкүрлүккө туш болгон бир жарым жаштагы Раяна денесинин бир нече жеринен оор жаракат алып, кыйналып жан бергени айтылат. Ошондуктан соттук-медициналык текшерүү жүргүзүү үчүн маркумдун бейити кайрадан ачылып, сөөктүн бөлүктөрү алынды.
Кылмышка шектүү аталган райондун Кара-Чолок айылынын 36 жаштагы тургуну экени маалым болду. Эксгумацияга алынып келинген кылмышка шектүүнүн айтымында, 2012-жылдын декабрында Алмагүл аттуу үчүнчү жубайына үйлөнөт. Ал мурунку жолдошунан төрөгөн кызын ээрчитип келип, чогуу жашай башташкан.
2012-жылдын 17-март түнү жумуштан мас абалында кайтып, үйүндө өгөй кызынын төшөккө заара кылганына жини келип, наристенин башын отко салып жибергенин айтат.
- Кызы шымына заара кылып койгон экен, "ушул өлүп калса жакшы болот эле" деп аялым сүйлөндү. Анан менден коркутуп коюyмду суранды. Март айы болчу, меште от күйүп турган, оозун ачып отко коркутам деп башын бир аз тосуп турсам чачтары күйүп, бешенеси так болуп калыптыр.
Баш бөлүгү отко күйүп, териси сыйрылып түшкөн наристе жан далбастап катуу ыйлаганына карабай өгөй ата ымыркайды от күйгөн мештин үстүнө отургузуп, жамбашын да күйгүзүп койгонун айтып жатты. Кыйналган Раянаны дарыгерлерге да көрсөтүшпөй бир жума үйдө кармашкан. Арадан он күн өткөн соң өгөй ата наристени мас абалында жаны чыкканча сабап салганын айтып берди.
- Антеннанын ичке зымы бар болчу, ал менен 5-6 жолу баланын жонуна чаап жибердим. Башында мурда айыкпай калган бир аз жараты бар эле, ошол жерге тийип канап кетти. Аялым ыйлап жаткан баланы көтөрүп, “эжемдин үйүндө да, бул жерде да кылыктарыңды көрсөтүп жатасыңбы? Мындан көрө өлүп эле калсаң болмок экен”, - деп кызды уруп жиберди. Бир аздан соң ыйлап туруп алганынан жаакка чаап жибердим эле, шалдырап жатып калды. Бир аздан соң баланын денеси муздай баштады. Анан биз каза болгонун билип, агаларыма айтып, эртеси молдону чакырып жаназа окутуп, ушул жерге көмгөнбүз. Менде эч кандай жек көрүү сезими болгон эмес. Болгону мен бир аз ичкиликке азгырылган окшойм.
Үрөйдү учурган бул окуя жашыруун калган. Себеби наристенин апасын жолдошу коркутуп, арыз жаздырган эмес деген маалыматтар айтылат. Раянанын өлүмүнөн кийин жубайлар эки ай жашап ажырашып кетишкен.
Кордолуп өлтүрүлгөн наристенин окуясын жашыруун адамдар милицияга кабарлап, анын арты менен ачылды дейт Сузак РИИБ башчысы Нурбек Жаныбеков:
- Башында бизге бир ай мурун наристени уруп өлтүрдү деген маалымат түшкөн. Биздин кызматкерлер сурамжылоо жана тергөө иштерин алып барып, ушул окуянын бетин ачышты. Учурда кылмышка шектүү деп кармалган жаран 1,5 жаштагы наристени мыкаачылык менен өлтүргөнүн толугу менен мойнуна алып, камакка алынды. Азыр соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн наристенин мүрзөсү эксгумацияланып, анын жыйынтыгында так маалымат белгилүү болот.
Жоопкерчиликти күчөтүү зарыл
Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери балдарга карата зордук-зомбулук кылган үч факты катталып, анын натыйжасында бир бала ооруканага жаткырылган. Сузак районунун социалдык иштер боюнча акиминин орун басары Асылкан Раманкулова балдарга карата зомбулук ата-энелердин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам болуп жатканын айтты:
- Булар толук кандуу үй-бүлө болушкан эмес. Жолдошу мурда эки жолу үйлөнгөн экен. Макул, атасы мыкаачы болуп баласын ошентип жатса, апасы ошол мамиледен улам кетип калса, же башка чара колдонсо болмок. Бул жерде Алмагүл да туура эмес кылган. Апасы күйөөсүнөн корктум деп жатыптыр. Бирок эки жыл ичинде жашырып жүргөнү туура эмес да. Ата-эненин балага карата жоопкерчилигин күчөтүү зарыл.
Учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми Раянанын денесине келтирилген жаракаттардын так себептери соттук-медициналык териштирүүнүн жыйынтыгы менен аныкталат.
Адистер сонку учурларда үй-бүлөдө балдарга зомбулук көрсөткөндөр арбын орун алып, зөөкүрлүк мамиле көпчүлүк учурда анын жакындары тарабынан жасалып жатканын укук коргоочулар билдиришет. Балдардын укугун коргоо борборунун адиси Таалай Жакыпов зомбулук коомчулукта кайдыгерлик жана туугандык мамилени жоюу менен бул көрүнүштөрдун санын азайтса болорун белгилейт.
- Үй-бүлөдө эркектер ар кандай себептер менен ичимдикке берилгенде депрессиясын кимден чыгаруусун билбей, анын курмандыгы балдар жана карылар болууда. Кошунасынын үйүндө ызы-чуу болуп, баланын ыйлаган үнү угулса, азыр адамдарга баары бир болуп калды. Ошол эле учурда азыр чоң эне же башка туугандарынын колунда тарбияланып, андан зомбулук көргөн балдардын иши тууганчылык мамиледен улам жабылып калууда. Окуяны чагылдырып гана тим болбой, ага кандай жаза берилгенин жана эмне болгонун да коомчулукка жеткиришибиз керек. Балким аларда балага болгон мамиле өзгөрөттүр.
Облус аймагында жыл башынан бери 380 бала кароосуз калып, коргоого алынса, ата-энеси таштап кеткен 92 наристе башка бүлөлөргө асыроого берилген. Учурда 9 миң бала үй-бүлөдө оор шартта жашаса, алардын 500гө чукулу тоголок жетимдер.