Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:29

Түштүк Кореяда токойду каптаган өрттөн каза болгондордун саны 30га чукулдады


Түштүк Кореяда өрт 300дөй чарчы чакырым аймакты каптады.
Түштүк Кореяда өрт 300дөй чарчы чакырым аймакты каптады.

Түштүк Кореянын токой кызматынын маалыматы боюнча, 27-мартка карата өлкөнүн түштүк-чыгышындагы өрт каптаган токойлордун аянты бир күн мурункуга салыштырмалуу эки эсе кеңейди.

Бийлик бул тилсиз жоону өлкө тарыхындагы эң ири табигый кырсык катары мүнөздөп жатат. 22-мартта тутанган өрт андан бери 27 кишинин өмүрүн алды.

Тилсиз жоо жалпы 400 чарчы чакырымдай аймакты каптады. Адистер өрт тездик менен жайылып жатканын, бул адаттан тыш көрүнүш экенин белгилешти. Буга катуу шамал жана жаан-чачындын жоктугу да себеп болууда.

Өрт каптаган аймакка жакын жерде жашаган миңдеген адамдар үй-жайын таштап, чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Бир катар тарыхый чиркөөлөрдү тилсиз жоо жалмап кетти.

681-жылы курулган деп эсептелген Гоунса храмынын айрым бөлүктөрү күлгө айланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG