Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:09

Украина бир нече аймагы, Орусия Энгельс шаары чабуулга кабылганын билдиришти


Полтава аймагы.
Полтава аймагы.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 28-мартка караган түнү Полтава облусу Орусиянын жапырт дрон чабуулуна кабылганын билдирди.

"Орусиялык баскынчылар кезектеги согуш кылмышын ишке ашырышты. Алар Shahed согуштук дрондору менен жапырт чабуул жасашты" деген мекеме соккуга жарандык инфраструктура, жайкын тургундар жашаган жерлер, административдик имараттар жана мунай-газ өнөр жай ишканалары кабылганын маалымдады.

Орус армиясынын учкучсуз учактары Украинанын Николаев облусунун Вознесенск шаарын, Одесса калаасын да аткылаганын, айрым жерлерде жарылуу болгонун, Сумы облусуна башкарылуучу бомбалар ыргытылганын жергиликтүү бийлик кабарлады.

Жапырт дрон чабуулуна кабылганын 28-мартта Орусия да билдирди. Бийликчил Телеграм- каналдар бир апта мурда сокку болгон Энгельс шаарындагы стратегиялык авиация базасы кайрадан бутага алынганын кабарлап, бул үчүн украин тарапты айыптоодо. Кандайдыр бир жабыркоо тууралуу азырынча маалымдала элек.

20-мартта Энгельс учкучсуз учактардын жапырт чабуулуна туш болгон, жергиликтүү бийлик муну согуш башталгандан берки эң чоң сокку деп атаган. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы ошол күнкү соккудан Орусия украин аймактарына чабуул коюу үчүн колдонуп жаткан канаттуу ракеталарынын запасы жок кылынганын билдирген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG