Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:28

“Ата Мекен” партиясынын кеңсеси тонолду


5-сентябрга караган түндө борбордун Токтогул көчөсүндөгү “Ата Мекен” партиясынын кеңсеси тонолгону тууралуу партиянын медиа-тобунун жетекчиси Кайыргүл Урумканова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, имаратта брондолгон эшиктер болгондуктан, кеңседе күзөт болгон эмес.

Бүгүн эртең менен ишке келгенде кеңсенин эшиктери ачылып, эсептөө бөлмөдөгү бардык документтер жана 90 миң сом өлчөмүндө акча чыгарылып кеткен. Мындан башка тоноочулар кеңседеги компьютерлерди дагы текшерүүгө алганы анык болду, – деди Урумканова

Маалым болгондой учурда Биринчи Май районунун милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Партия бул ишти мүчөлөрдү коркутуу катары кабыл алып, буга чейинки шайлоо жарнамаларынын шаардык мэрия тарабынан алынганынын уландысы экенин жокко чыгарбайт.

4-сентябрда "Ата Мекен" партиясы ижарага алган аянтчаларга түндө илинген үгүт баннерлерин эртең менен Бишкек мэриясы алдыртып салганын маалымдаган. Шаардык бийлик бул аракетти партия үгүт материалдарды илүү үчүн уруксат албагандыгы менен түшүндүргөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG