Жалал-Абад шаарындагы курортто 23-августта палоо жармаңкеси уюштурулду. Бул тууралуу иш-чаранын демилгечиси "Жалпы кызыкчылыктарды издөө" уюмунун кызматкери Адилет Муратов "Азаттыкка" билдирди.
-Диний экстремизмди алдын-алуу жана ар түрдүү катмардагы адамдар ортосундагы мамилени бекемдөө максатында уюштурулган иш-чарада алар тамак үстүндө бири-бири менен жалпы кызыкчылыктарды издөөгө аракет кылышат, - деди Муратов.
Жармаңкеге ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчилиги, облустук казыяттын өкүлдөрү, диний ишеними бекем жөнжай тургундар, жаштар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Алар топ-топко бөлүнүп, палоо жасоо өнөрүн көрсөтүштү.
Мындай иш-чара быйыл июлда Ош шаарында уюштурулган, жакында Бишкек шаарында өтмөкчү.(RsK)