Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:02

БУУ Йеменди ачарчылык каптарына кабатыр


БУУнун “Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын” адистери токтолбогон уруштардан улам Йемендин айрым аймактарын ачарчылык каптап кетиши мүмкүн экенин эскертти. Учурда 13 миллион адам жардамга муктаж. Аталган программанын жетекчиси Эртарин Кузин Йеменге барып келди. Ал өлкөдө азык-түлүк жетиштүү эместигин, гуманитардык жардам берүүчү уюмдар согуштан улам мамлекетке кире албай жатышканын билдирди.

Йеменде бийлик менен хусит козголоңчуларынын ортосунда бир жыл мурун башталган тиреш жарандык согушка айланып кетти. Быйыл марттан бери Сауд Арабия баштаган коалиция козголоңчуларга каршы абадан сокку урууда. (SE)

XS
SM
MD
LG