Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:18

Өкмөт "Ак-Жолдо" абал турукташканын билдирди


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекетинде абал турукташты. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди. Ал Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиевдин маалыматына таянып 13-августта, бекеттеги бажы көзөмөлү алынгандан кийин чынында тыгын пайда болгонун, бирок азыр андай көйгөй жок экенин айтты.

12-августта Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине толук укуктуу мүчө болуп киргенине байланыштуу Казакстан менен чек арадагы бажы көзөмөлү алынып, жарандардын жана товарлардын эркин өтүүсүнө жол ачылган. Эртеси, 13-августта "Ак-Жол" бекетинде узун кезектер, унаалардын жана адамдардын тыгыны пайда болгон.

Бакыт Асановдун айтымында, өкмөттө дароо атайын штаб түзүлгөн. Учурда казак жарандары үчүн өзүнчө жана чет элдиктер үчүн өзүнчө өткөрмө иштеп жатат. Ысык-Көлдөгү туристтик сезонго байланыштуу чек ара аркылуу каттагандар дале көп. (RK)

XS
SM
MD
LG