Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Кыргыз балетчилери Торонто фестивалында төрт оюн көрсөтөт


Иран Улуттук балетин өлкөдөн сырт жерде кайра түптөгөн балетмейстер, хореограф Нима Кианн учурда кыргыз балет труппасын Канадада өтө турган Tigran эл аралык фестивалына даярдап жатат.

Нима Кианн “Азаттыкка” билдиргендей, кыргыз балети жыл санап эл аралык сахнада аты чыгып баратат. Учурда Торонтодо өтө турган Tigran фестивалына кыргыз труппасы ар кандай жанрдагы төрт оюн даярдап жатат:

- Кыргыз балети аябай кооз. Кыргыз опера, балетинде мыкты артисттер эмгектенет. Ошон үчүн мен алар менен кызматташуудамын. Бул труппа Европа жана Америка өлкөлөрүндө өзүн көрсөтүүсү үчүн мен болгон күчүмдү жумшайм.

Нима Кианн 1987-жылы 17 жашында Иранды таштып чыгып кеткен. Ошондон бери мекенине бара элек. Ирандагы ислам революциясынан кийин Улуттук балет таптакыр жоюлгандан 23 жыл өткөн соң 2002-жылы ал Европада алгач ирет Жаңы Иран улуттук балетинин (Les Ballets Persans) бет ачарын жасаган. (SA)

XS
SM
MD
LG