Рязанск облусундагы учактардын абадагы оюну учурунда Ми-28Н кулап, бир учкуч каза болуп, экинчиси жанын сактап калганга үлгүргөн. Күбөлөрдүн айтымында, тик учак көтөрүлүп жаткан учурда жерге кулап түшүп, ошол замат күйүп кеткен.
Орусиянын Аскерий аба күчтөрүнүн жетекчиси Сергей Колыбаш бул шоунун ачылышында учкучтарга Орусиянын ата-мекендик авиатехникаларынын күчүн жана бекемдигин көрсөтүү керектигин билдирген.
Жекшемби күнү Рязанск авиаполигонунда эл аралык "Авиадартс" сынагы башталмак. Маалыматка ылайык, сынакка Орусия, Беларус, Казакстан жана Кытайдан 50дөй учкуч катышмак.
Ушул жылдын жай башынан бери Орусиянын Аскерий аба күчтөрү он төрт аскер учагын жоготту.