Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:30

Жарым жылда аскердеги уставдык эмес мамиле боюнча 2 иш козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Аскер прокуратурасынын ага прокурору Ырысбек Атамбиев билдирди. Ушул тапта дагы бир иш каралып, тергөө иштери жүрүүдө. Былтыр жоокерлерге үстөмдүк кылуу, уставга туура келбеген мамилелер өңдүү көрүнүш боюнча бир дагы факт катталган эмес. Аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин өлүмү катталып жүрөт. Расмий версия боюнча, алардын көбү өз жанын өзү кыйган. Бирок ата-энелер, укук коргоочулар “дедовщина” көрүнүштөрү себеп болушу ыктымалдыгын айтып келишет.

Атамбиев кызмат өтөө маалында ушундай көрүнүштөр болсо ачык кайрылып, аягына чыгаруу керектигин белгилейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG