Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

AI: Иранда өлүм жазасына тартылгандар көбөйдү


Amnesty International эл аралык уюму Иранда жыл башынан бери адамдарды өлүм жазасына тартуу “болуп көрбөгөндөй” өскөнүн айтып чыкты. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюмдун бүгүнкү билдирүүсүндө айтылгандай, январь айынан июль айына чейин Иранда 694 адам өлүм жазасына тартылган.

Билдирүүгө ылайык, өлүмгө буйруу тууралуу соттун чечимдеринде “таптакыр объективдүүлүк жок". Айрым учурларда кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбогон учурларда да жарандар өлүмгө буйрулуп жатат.

«Ирандагы соттук процесстерде толтура мыйзам бузуулар орун алып жатат. Ал тургай соттолуучулар жактоочусу жок, кайра арызданууга мүмкүн болбогон шартта, кечирүүгө жана жеңилдик берүүгө мүмкүнчүлүктөр берилбей сот процесстери бүтүп жатат»,-деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Amnesty International кабарлагандай, өткөн жылы Иранда 743 адам өлүм жазасына кесилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG