Компьютердик чип “смартфондон баштап космостук кемелерге чейин” колдонулат деп айтылат АКШнын IBM компаниясынын билдирүүсүндө.
Анын чоңдугу 7 нанометр же бүгүн колдонулган эң кичинекей чиптердин теңине араң барабар. Ал чиптин 10 000 даанасы адамдын бир тал чачындай болот. Кишинин ДНКсынын бир талы 2 нанометр. IBM компаниясынын өнөктөшү - САНИ политехникалык институтунун (SUNY Polytechnic Institute) вице-президенти Майкл Лие (Michael Liehr) жаңы табылган “жарым өткөргүчтөр өнөр жайындагы маанилүү окуя” деп мүнөздөдү.
Жаңы технология бир чипте 20 млрд. транзиторду жайгаштырганга мүмкүндүк берет. Бул бүгүнкү эң мыкты процессорлордогу чиптерден төрт эсе көп.