Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы деңиз жээгинде жайгашкан мейманканага кол салуу кеминде 27 адамдын өмүрүн алганын кабарлады. Чабуул бүгүн курорттук Сусс шаарынан анча алыс эмес Эль-Кантауи конок үйүнүн алдында болгон. Азырынча анын чоо-жайы толук айтыла элек.
Сусс Түндүк Африкадагы бул өлкөнүн бирден-бир белгилүү курорттук шаары. Ага негизинен Европадан жана кошуна өлкөлөрдөн туристтер келишет.
Быйыл мартта Тунистеги Бардо музейине кол салуудан да чет элдик туристтердин тобу каза тапкан.