Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:49

Темир Сариев Тажикстанга сапар алды


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргыз өкмөт башчысы бүгүн түштөн кийин Дүйшөмбү шаарында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жана өкмөт башчысы Кохир Расулзаде менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Кыргыз делегациясынын курамында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бар.

Дүйшөмбү шаарындагы сүйлөшүүлөрдө чек араларды аныктоо, энергетика, транпорт тармактарында кызматташуу маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Кыргызстан быйыл Тажикстандан 225 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып алууну көздөөдө. Бирок эки тарап баа боюнча келише албай жатышат. (AiT)

XS
SM
MD
LG