1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында жеткинчектерге арналган иш-чаралар өттү. Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдардын саны 40 миңге чамалады. Былтыр бул мезгилде 38 миң ымыркай каттоого алынган.