Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

“Чет элдик агенттер тууралуу” мыйзамга каршы кол топтолууда


Турсунбай Бакир уулу, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири.
Турсунбай Бакир уулу, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири.

Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан “Репродуктивдүү ден соолук альянсынын” Каракол шаары боюнча координатору Олеся Иванченко “Азаттыкка” билдирди. Кол топтоо 23-апрелде башталган. Акцияны Балыкчы шаарынан, Түп, Тоң жана Ак-Суу райондорунан бир катар бейөкмөт уюмдар колдоп чыгышты. Кол топтоо кампаниясы бир жумага уланат.

“Чет элдик агенттер тууралуу” мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев демилгелеген. Документте уюмду каржылоо сырттан болуп, алар саясий ишмердүүлүк менен алектенген учурда чет элдик агент катары таанылары каралган.

Мыйзамга ылайык 10 миң кол топтолсо, жарандык демилге аркылуу мыйзамды жокко чыгаруу боюнча Жогорку Кеңешке жаңы мыйзам долбоорун киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. (AsA)

XS
SM
MD
LG