Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Парламент комитеттери өкмөттүн отчетун келерки аптада карайт


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков билдирди. Өткөн аптада парламент Кумтөр боюнча "Центерра" компаниясы менен бир чечимге келе албаганы үчүн Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүн сынга алып, аягында ишине “канааттандырарлык эмес” деген баа берди. Мындан улам өкмөттүн жылдык отчетун угуу маселеси көтөрүлдү. Жээнбеков өкмөт отчетун эртерээк карап берүүнү комитет, фракциялардан өтүндү.

Коалициялык көпчүлүк эртең,17-апрелде Кумтөр маселесин талкуулайт. Анда улутташтыруу, үлүшү теңме-тең болгон биргелешкен ишкана түзүү же өкмөттү кетирүү маселеси бир жаңсыл чечилиши мүмкүн экенин “Азаттыкка” КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирген.

Коалициялык көпчүлүктөгү "Ата Мекен" жана "Ар намыс" фракциялары өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге сүйлөшүү үчүн дагы бир ай убакыт берүүнү жакташууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG