Улуттук статистикалык комитеттин маалымдоосуна караганда, быйылкы жылдын биринчи үч айында ички дүң продукция 7% өстү. Бирок Кумтөрдү кошпгондо ИДП 3.4% гана өскөн. Кумтөрсүз өнөр жай тармагы -2.7% төмөндөп кеткен. Негизги капиталга инвестиция 5.9% түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу төрт эсеге жакын төмөндөөнү билдирет. Электр энергиясын өндүрүү - 10.2% кыскарган.