Ушул тапта акча алмаштыруу жайларында доллар 64 сомго сатылууда. Аптанын башында доллардын наркы кескин көтөрүлүп, айрым жерлерде 65 сомго жеткен.
Ошондон кийин Улуттук банк үч күн бою интервенцияга жасоого аргасыз болду. 24-мартта 8 млн. доллардан ашуун, 25-мартта 11.5 млн. долларга жакын, 26-мартта 7.5 млн. доллардан ашуун интервенция жасалды. (ZMa)