Анда Кыргызстан ЕККУнун алдында алган милдеттенмелеринин аткарылышы, адам укугунун корголушу, соттук жана укук коргоо органдарын реформалоо жаатындагы иш-аракеттер боюнча өз ара пикир алмашуулар болору белгиленди.
Ага чейин президент Атамбаев БУУнун маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов менен жолугушмакчы. Анда негизинен Кыргызстан аркылуу өткөн маңзат коридорунун абалы жана Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгып кеткенден кийинки наркокырдаалдын өзгөрүүсү боюнча божомолдор талкууга алынары кабарланууда.
Бүгүн түштөн кийин Кыргызстандын президенти Атамбаев баштаган расмий делегация Парижге учуп, иш-сапар Францияда уланат.(KJ/ZKo)