Улуттар Уюмунун Йемен боюнча атайын чабарманы Жамал Беномар Коопсуздук кеңешинин 22-марттагы чукул жыйынында билдиргенине караганда, бул өлкө азыр “жарандык согуштун босогосунда” турат.
Коопсуздук кеңеши өз билдирүүсүндө Йемендеги хуcит согушкерлерин чабуулдары үчүн айыптап, кыянатчылыктан баш тартууга жана диалогго кайтууга чакырды.
Коопсуздук кеңеши ага катар Йемендеги тынчтыкка тоскоолдук кылуучу тараптардын кимиси болбосун, “чара көрүүгө даяр” экенин да эскертти.
Мунун алдында кечээ шийит согушкерлеринен турган хуситтер тобу өлкөнүн үчүнчү ири шаары – Таизди жана анын аэропортун ээлеп алган эле. Хуситтер Йемендин азыркы президенти Абед Раббо Мансур Хадиге каршы. (UE)