Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

Оштогу ишканалар тажик өндүрүшүнө туруштук бере албай жатат


Тажикстандын “Файзи-Расул” жана "Коррект" ишканаларынын сүт азыктары Ошто үстөмдүк кылып, жергиликтүү ишкерлердин өндүрүшү токтоп калды. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Оштогу сүт азыктарын чыгаруучу “Бакара” ишканасынын ээси Арыпбек Айтбаев билдирди. Ал быйыл Тажикстандан чыккан быштак, камкаймактар Ошту каптап кетип, сүттү кайра иштетүүчү жергиликтүү үч ишкана жабылганын, өзүнүн ишканасында да өндүрүш көлөмү өтө эле кыскарып кеткенин айтат.

Ош шаардык мэриясынын экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талант Кайыпов жабылган ишканалар тууралуу маалыматы жок экенин, ал эми тажик товарларынын Кыргызстанда эркин сатылышына эч ким тоскоол боло албасын билдирди.

Ал эми Ош шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Уулкан Каратаева тажик өндүрүшүнө таандык сүт азыктары Кыргызстанга эч кандай уруксатсыз кирип жатканын тастыктады. Ал бул боюнча ишти көзөмөлгө алууну каржы полициясына өткөрүп бергенин, бирок ушул күнгө чейин аны алып келип жаткандар кармала электигин билдирди.

Тажик өндүрүшүнө таандык сүт азыктарын колдонуу мөөнөтү 10 күн болуп, маалыматтар тажик тилинде берилген. Анын баасы Ошто өндүрүлгөн сүт азыктарына караганда он сомго кымбат, бирок ошого карабай элде талап жогору. (YI)

XS
SM
MD
LG