Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев татар президенти Рустам Минниханов жана Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов менен жума башындагы жолугушууда Жогорку Нарындагы ГЭСтердин каскадын курууга насыя тартууга кыргыз тарап да киришүүгө даярдыгын билдирген.
Энергетикалык эксперт Расул Үмбөталиев кыргыз өкмөт башчысынын мындай сунуш менен чыгышын Орусиядагы кризис менен байланыштырат. Анын айтымында, Орусияга киргизилген финансылык санкциялардын айынан Жогорку Нарын ГЭСтерин курууну каржылоо аксап жатат:
- 2014-жылы декабрь айында Орусиянын өкмөтүнүн вице-премьер-министри Аркадий Дворкович “Русгидро” менен “Интер РАОЕЭСке” тапшырма берген, Кыргызстандагы инвестициялык программаны азыркы кризистин шартына жараша карап чыккыла деген. Азыркы кезде санкциялардын негизинде Орусияда кризис болуп жатат, каржылоо маселесин карап чыккыла дегендин себеби ушул жакта жатат. Ошондуктан Жогорку Нарынды каржылоо маселеси толугу менен чечилбей жатат.
“Жогорку Нарын ГЭСтери” жабык акционердик коомунун башкармалыгынын башчысы Игорь Горбенко кыргыз өкмөтү ГЭСтерди куруу үчүн зарыл болгон 3 миң гектардан ашуун жердин 554 гектары гана бөлүнгөнүн февраль айында маалымат каражаттарына билдирген. Ошондуктан каржылоо жердин бөлүнүшүнө жараша болуп жатканын белгилеген.
Өз кезегинде Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев курулуш ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон жер бөлүнүп берилгенин, калганы жерден кар кеткенден кийин бөлүнөрүн билдирген эле.
Кыргызстандык дагы бир энергетикалык эксперт Эрнест Карыбеков Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушуна каражат жетиштүү бөлүнбөй жатышын ГЭСтердин баасынын кымбатташы менен байланыштырат:
- Насыя ала алышпайт. Эч ким бербей жатат. Анткени долбоордун баасын эки эсе кымбаттатып коюшкан. Долбоор кымбат болгондон кийин андан чыккан электр энергиясын ошончо кымбатка сатыш керек. Кошуна мамлекеттер албайт. Аларга электр энергиясы суу менен гана кошо керек.
Эрнест Карыбеков Кыргызстан менен Орусиянын Эсеп палаталары биргелешип эсептеп, долбоорду арзандатуу керек деп эсептейт. Белгилүү болгондой, төрт ГЭСтин курулушу башында 412 млн. доллар деп бааланып, бирок кубаттуулугун бир аз көбөйтүү менен 732 млн. долларга көтөрүлгөн.
Эксперттер эгерде Орусия ГЭСтердин курулушун каржылоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда Кыргызстан башка инвесторлорду издөөгө киришүүсү керек дейт. Алардын пикиринде, Орусияга каржы маселесин чечүү үчүн алты ай убакыт берип, эгерде чечилбесе, анда башка инвесторлорго сунушталышы керек. Жогорку Нарында ГЭСтерди курууга Түркия, Кытай жана Иран кызыгуусун көрсөткөнүн Расул Үмбөталиев белгиледи.
Кыргызстан өткөн жылдан бери энергетикалык каатчылыкты башынан кечирүүдө. Токтогул суу сактагычындагы суунун өтө аздыгы ал каатчылыктын быйылкы жыл менен чектелбешин айгинелейт. Андан сырткары республикада электр энергиясын керектөө өсүп, жакынкы жылдары тартыштык 4-6 млрд. кВт. саатка жетерин өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев да белгилеген.