Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:27

Оторбаев: биометрикалык маалымат тапшырбагандар шайлоого катышпайт


Биометрикалык маалымат тапшырбагандар шайлоодо добуш бере албайт. Бул тууралуу өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Мамлекеттик каттоо кызматына барганда билдирди. Ал учурда 2,5 миллионго жакын адам биометрикалык маалымат тапшырганын белгилеп, ички жана тышкы мигранттарды маселе жараларын айтты.

Азыркы учурда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр кире элек. Өкмөт бир жаран – бир добуш принциби боюнча таза шайлоону камсыз кылуу максатында биометрикалык маалыматтарды чогултуп жатканын айтып келет. Жарандардан биометрикалык маалыматтарды чогултуу өлкө аймактарында өткөн жылы 20-октябрдан тарта башталган. (UEz)

XS
SM
MD
LG