Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:30

Иорданияда “Мусулман агайындардын” бир лидери соттолду


Иордания соту жекшемби күнү “Мусулман агайындар” кыймылынын лидерлеринин бири – Заки Бани Рушеидди бир жарым жылга эркинен ажыратты. Ал Бириккен Араб Эмираты бийлигинин исламдашкан уюмдардын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизүү чечимин сынга алганы үчүн камалды.

Кыймыл жетекчисинин орун басары Заки Бани Рушеид “королдук менен чет мамлекеттин мамилесине залака тийгизиши мүмкүн” деп күнөөлөнгөн.

Ал Эмират бийлигинин 80 исламчыл топтун ишмердүүлүгүнө тыюу салган чечимине карата сын көз караштагы пикирин “Фейсбуктагы” баракчасына жазган соң өткөн жылдын ноябрында кармалган болчу.

Иорданияда элдин көбү “Мусулман агайындар” кыймылын колдойт.

XS
SM
MD
LG