Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Еврошаркеттин санкциялар тизмесине орусиялык тогуз компания киргизилди


Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери жактырган Орусияга карата санкциялар тизмесине Украинанын чыгышына жаңжалга көмөктөштү деп шектелген 19 адам жана тогуз компания киргизилди. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини дүйшөмбүдө билдирди.

Анын айтымында, бул тизме 10 күн мурда эле макулдашылган. Кечээ аны Еврошаркеттин мүчөлөрү бир добуштан жактырышты. Бирок санкциялар 16-февралдан кийин күчүнө кирмекчи. Бул Украинанын чыгышына тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылбоо аракети менен түшүндүрүлүүдө. Эгер сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса санкциялар тизмегине киргизилген адам жана компаниялардын банктагы активдери камакка алынып, Европа Биримдигинин аймагына кирүүгө тыюу салынат.

АКШ жана Евробиримдик Москваны Украинанын чыгышында жикчилерге көмөктөшүп жатат деп айыптап келет. Бирок Орусия мындай айыптоону четке кагууда.

XS
SM
MD
LG