Баткен: чептен элдин күчү бек
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү-2 массивине сугат суу жеткирүү боюнча ички чарбалык каналдарды куруу уланууда. Бүргөндү-2 массивин өздөштүрүү Баткен облусундагы чек арага жакын аймактарга жаңы конуштарды ачып, элди отурукташтырган ири долбоор. Бул долбоор жаңы конуштарга элди отурукташтыруу менен чек араны бекемдөөгө багытталган.