Sony Pictures компаниясы билдирүү таратып, анда киберчабуулга байланыштуу токтотулган “Интервью” тасмасын көрсөтүүнүн башка жолдорун издейт.
Компанияны өзүн “тынчтыктын сакчылары” деп атаган хакерлер тобу 2001-жылдын 11-сентябрындагыдай окуялар кайталанышы мүмкүн деп коркуткандан кийин “Интервью” комедиясы кинотеарларда көрсөтүлбөй токтотулган. Фильм Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга каршы уюштурулган кутум жөнүндө.
Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнесттин 18-декабрда киберчабуулду Түндүк Корея уюштурду деп айта албасын, бирок иликтөө жүрүп жатканын айтып чыккан.
Ал эми республикачы сенатор Жон Маккейн: "Муну Түндүк Кореяга окшош өлкө жасаганга жарамдуу. Элестетип көрүңүздөрчү, алар Америкадагы жашоонун башка да жактарын бузууга жарамдуу”, - деп билдирген.
АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши киберчабуулга пропорционалдуу жооп берүүнүн жолун караштырууда. Расмий Пхенян 24-ноябрдагы киберчабуулга тиешеси жок экенин билдирген.