Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Оторбаев тышкы карыздын көлөмүнө кооптонуусун билдирди


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын тышкы карызынын көбөйүп жатканына кооптонуусун билдирди. Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, өкмөт башчысы учурда тышкы карыздын өлчөмү ички дүң продукциянын 55 пайызына жакындаганын кабарлады. Буга сомдун куну кетип, доллардын көтөрүлүшү өз таасирин тийгизип жатат.

Адатта тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукциянын көлөмүнүн 60%нан аша баштаганда улуттук коопсуздукка коркунуч келтире баштайт. Учурда өлкөнүн тышкы карызы 3 млрд. 400 млн. долларга жакындады.

Ошондуктан, өкмөт тышкы карызды азайтуу үчүн жана сомдун курсун туруктуу кармоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын Оторбаев билдирди.(BkA)

XS
SM
MD
LG