Укук коргоочу, экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиргени боюнча 1989-жылы, Кыргызстанда алгачкы жолу адам укугун коргоочу уюм түзүлгөн. Буга байланыштуу бүгүн Бишкекте укук коргоочулардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, жарандык коом мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйын болот. Анда уюм түзүлгөндөн тартып, Кыргызстан эгемендик алган 23 жыл ичинде адам укугу жаатында жүргөн иштер, Аксы окуясы, март, апрель окуялары сыяктуу тарыхый учурлардагы укук коргоочулардын иши эскерилет.
Бүгүнкү күнү Кыргызстанда адам укугун коргоочу бейөкмөт уюмдардын саны жүздөп саналат. Алар балдардын укугун коргоодон тартып, майып адамдардын, аялдардын, жоокерлердин, эркинен ажыратылгандардын, шайлоочулардын жана башка адамдардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барышат.(ZKo)