Кыргыз өкмөтү сентябрдан бери 698 миң 540 киши өздүк маалыматтарын тапшырганын кабарлады. Жалпысынан өлкө боюнча бул өнөктүккө катышууга милдеттүү 3 млн. 884 миң 270 киши бар.
Атуулдардын өздүк маалыматтары топтолуп бүткөндөн кийин электрондук-биометрикалык паспорт берилет. Маалыматтар жана жарандын 3D форматындагы сүрөтү документтеги чипке орнотулат. Аны банк карточкасы катары колдонсо да болот.
2015-жылдан тарта бир катар мамлекеттер чет элдиктерди биометрикалык паспорт менен гана кабыл алат. (SE)