Кыргызстандын президентинин Араб Эмираттарына расмий сапары эки өлкө ортосундагы кызматташтык башталгандан бери алгачкы ирет болмокчу. Атамбаев шаршембиде Абу-Дабиде Араб Эмиратынын премьер-министри, вице-президенти баштаган бир нече расмий өкүлдөр менен жолугушат. Кыргыз делегациясы менен жүргөн кабарчыбыздын айтымында, эки тарап экономика, соода тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашат. Жолугушуунун соңунда эки өлкө инвестицияны кеңейтүү жана коргоо, өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө укуктук көмөк көрсөтүү сыяктуу бир катар келишимдерге кол коюлат. Араб Эмираттарынан кийин кыргыз делегациясынын сапары Катар мамлекетинде уланат. (JAk)